“Бакубат Талас” фонду Айкөл Манастын эстелигин жана арканы оңдоого 1 млн сом берди

1 сентябрь 2021 17:46 2522 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өтмөк ашуусундагы Талас облусунун аркасы жана Айкөл Манастын эстелигинин тегереги толук түрдө реконструкциядан өткөрүлдү. Аталган жумуштар үчүн “Бакубат Талас” өнүктүрүү фонду тарабынан 1 миллион сом бөлүнгөн. Бул тууралуу аталган фондго шилтеме берүү менен “Барометр” маалымдайт.

“Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгынын алканында Өтмөк ашуусундагы Талас облусунун Аркасы жана Айкөл Манастын эстелигинин тегереги толук түрдө реконструкциядан өткөрүлүп ирээтке келтирилди Мындан тышкары жүргүнчүлөр эс алып отуруучу атайын жай жана даараткана курулду. Жаңы долбоорго ылайык, Арка күн батареясы аркылуу жарыктандырылды. Жалпы каражат “Бакубат Талас” өнүктүрүү фонду аркылуу каржыланып 1 млн. сом каралган”,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Жерүй кенин иштетүүчү «Альянс Алтын» компаниясы негиздеген “Бакубат Талас” социалдык өнүгүү фонду жергиликтүү бийлик өкүлдөру менен тыгыз байланышта иштеп, областагы билим берүү, спорт, маданият жана башка тармактардагы көйгөйлөрдү чечүүнү колго алып келет.






Ссылка: https://barometr.kg/ajkl-manastyn-esteliginin-tegeregi-toluk-trd-rekonstrukciyadan-tkrld



Добавить комментарий