“Бакубат Талас” фонду Талас областына камераларды сатып алганга каражат бөлдү

16 июля 2021 12:08 752 Barometr
Поделиться в:
ok

Талас областтык ички иштер башкармалыгынын “Бакубат Талас” фондусуна болгон кайрылуусунун негизинде фонддон 15 камера сатып алганга 738 миң сомдук каражат бөлүндү. Бул тууралуу аталган фонддон маалымдашканын “Барометр” билдирет.

“Камералар облустун бардык райондорунда жана Талас шаарында орнотулду. Алар 3-4 күндүн аралыгында ишке берилгени турат.Бүгүнкү күндө коюлган камералар кылмыштуулуктун алдын алууда жана болгон кылмыштын бетин ачууда көптөгөн пайдасын тийгизет. Областтык ички иштер башкармалыгыны кайрылуусун четке какпай, колдоп, материалдык-техникалык базабызды чыңдоого жардам бергени үчүн аталган өнүктүрүү фондуна ыраазчылыгыбызды билдиребиз”,-деп билдирди бул тууралуу Талас областтык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын ага инспектору Динара Сарногоева.

Эскерте кетсек, «Альянс Алтын» компаниясы негиздеген “Бакубат Талас” социалдык өнүгүү фонду жергиликтүү бийлик өкүлдөру менен тыгыз байланышта иштеп, областагы билим берүү, спорт, маданият жана башка тармактардагы көйгөйлөрдү чечүүнү колго алып келет.

 

Ссылка: https://barometr.kg/bakubat-talas-fondu-talas-oblastyna-kameralardy-satyp-alganga-karazhat-bld



Добавить комментарий