"Бакубат Талас" фонду Кызыл-Жылдыз айылындагы оорукананын бөлүмүн 7,1 млн сомго оңдоп берди

15 декабрь 2021 15:23 2254 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Жерүй кенин иштетүүчү "Альянс Алтын" компаниясынын "Бакубат Талас" фонду Талас областынын Манас районундагы Кызыл-Жылдыз айылындагы оорукананнын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн капиталдык курулушуна 7,1 млн сом бөлүп берди.

Оорукананын имараты 1970-жылы курулган,15 жыл бою ал жарым-жартылай бузулган абалда оңдолбой турган.

"Бакубат Талас" фондунун бөлгөн каражатынын эсебинен улам жугуштуу оорулар бөлүмү толугу менен ремонттон өткөрүлүп жана заманбап жабдуулар менен камсыздалды. Бөлүмдө 26 койка-орун бар, ондогон медицина кызматкерлери эмгекке орноштурулду.

Бир аз күн мурда жугуштуу оорулар бөлүмүнүн ачылышы болду. Жергиликтүү чиновниктер кызыл тасманы кесишти.

Манас районунун акими Досмамбет Жээнбеков райондо 30 жылда биринчи ирет социалдык объект оңдоодон өткөрүлгөнүн баса белгилеп өттү.

“Социалдык объекттер капиталдык оңдоого муктаж, ФАПтын имаратын жана башкаларды курууга тийишпиз. Бизде жаңы ремоттон өткөрүлгөн жугуштуу оорулар бөлүмү бар экени бизди кубандырат”,-деди аким.

Эскерте кетсек, Кызыл-Жылдыз айылы Казакстан менен чектешкен аймакта жайгашкан.

Талас областтык Үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы Айнагүл Шамбетова Жерүй кенин иштетүүчү компанияга чек арадагы айылга көрсөткөн көмөгү үчүн жана ошондой эле долбоорду кыска убакыт аралыганда бүтүрүп беришкендиктери үчүн ыраазычылык билдирди.

“Оңдоо иштерине акчаны тез арада которушту, ал эми долбоордун өзүн үч айда бүтүрүштү. Баары тез, сапаттуу жана мөөнөтүндө жасалды. "Бакубат Талас" фонду социалдык долбоорлорду дайыма колдоого алып келет, дарыгерлер ири жана чакан долбоорлору үчүн дайыма фондго кайрылып келет. Фонддун жасаган иштерине ырахмат”,-деп ыраазчылык билдирди Шамбетова.

Ссылка: https://barometr.kg/bakubat-talas-fondu-kyzyl-zhyldyz-ajylyndagy-oorukananyn-blmn-71-mln-somgo-odop-berdi



Добавить комментарий