Айгерим Расул кызы: Өзүмдүн буга чейин болуп көрбөгөндөй концертимди тартуулайм!

9 сентябрь 2021 13:23 1275 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ырчы Айгерим Расул кызы Кыргызстандын жети дубанын кыдырып отчеттук концертин тартуулайт. Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу кабарлаганын “Барометр” маалымдайт.

“Кудай буюрса, 10-октябрда Бишкекте өзүмдүн отчёттук өзгөчө, буга чейин болуп көрбөгөндөй “Шоу концертимди” элиме тартуулайын деп жатам. Ушул эле концертти жети областты кыдырып да тартуулайм! Мага ийгилик каалап коюңуздар алтындарым”,-деп кайрылды күйөрмандарына ырчы айым.

Эскерте кетсек, ырчы Айгерим Расул кызы Бишкек шаарында туулган. 2009-жылы мектепти аяктап, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтуна тапшырган. Жеке ырчы катары “Түнкү Бишкек” аттуу ыры менен элге таанылган.

Ссылка: https://barometr.kg/ajgerim-rasul-kyzy-zmdn-buga-chejin-bolup-krbgndj-koncertimdi-tartuulajm



Добавить комментарий