Стамбулда Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу кыргызстандыктар кармалды

12 ноябрь 2019 16:36 4658 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу кыргызстандыктар кармалды. Бул тууралуу Түркиянын  ММКалары кабарлады.

Маалыматка ылайык, кармалгандардын арасында кыргызстандыктар жана сириялык  жаран кармалган. Алардын биринин паспорту жасалма болуп чыккан.

Кармалган эки кыргызстандык Түркияга бир ай мурун келгени айтылган. Азырынча окуянын чоо-жайы боюнча кенен маалымат бериле элек.

Жеке ишкер Айеркен Саймаити 10-ноябрда Стамбул шаарында киши колдуу болуп өлтүрүлгөн. Ал окко учкан жердин жанында консулдуктардын бирине таандык  актоунаа болгону түрк басылмалары жазып чыгышкан.

 Ал эми 11-ноябрда президент Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы башкы консулу Эркин Сопоков ээлеген кызматынан бошотулду. Бирок чечимдин себеби айтылган жок.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Стамбулда Айеркен Саймаити өлтүрүлгөн жердеги автоунаанын номуру Стамбул шаарындагы башкы консулдукка таандык экенин тастыктады.

Ссылка: https://barometr.kg/ajerken-sajmaitinin-lmn-bajlanyshtuu-kyrgyzstandyktar-karmaldy



Добавить комментарий