Айдоочулук күбөлүк дем алыш күндөрү да берилет

26 декабрь 2019 13:18 1096 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Айдоочулук күбөлүктөр 28-29-декабрь, ишемби жана жекшемби, жумуш эмес күндөрү да эртең менен саат 09:00дөн кечки саат 17:00гө чейин берилет. Мындай чечим Мамлекеттик каттоо кызматы (ММК) тарабынан кабыл алынганын мекеменин маалымат кызмаы билдирди.

Күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча арыздар “Унаа” мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүндө кабыл алынып жатат. Бишкек шаарында Ч. Валиханов көчөсү 2 дарегинде (“Аю Гранд” гипермаркети району) кабыл алынууда.

Ал эми даярдалып бүткөн күбөлүктөр М.Ауэзов 1/5 (Два прораба гипермаркети) дарегиндеги ММК №4 элди тейлөө борборунда таратылып жатат.

Эске сала кетсек ММК айдоочулук күбөлүктөрдү алуу мөөнөтүн 2020-жылдын 15-февралына чейин узарткан.

Ссылка: https://barometr.kg/ajdoochuluk-kblk-dem-alysh-kndr-da-berilet



Добавить комментарий