Айдоочулук күбөлүк алуу мөөнөтү 2020-жылдын 15-февралына чейин узартылды

26 декабрь 2019 11:59 4873 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо Кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 25- декабрындагы № 499-р буйругунун негизинде 2019-жылдын 10-июнунан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу мөөнөтү менен берилген айдоочулук күбөлүктөрдүн (шарттуу түрдө «убактылуу» деп аталган) мөөнөтүн 2020-жылдын 15-февралына чейин узартылгандыгын билдирет. Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн жарандардан арыз Унаа мамлекеттик мекемесинин бардык аймактык бөлүмдөрүндө кабыл алынат. Бишкек шаары боюнча айдоочулук күбөлүктөрдү алмаштыруу боюнча арыздар Бишкек шаары Ч.Валиханов 2 дарегинде («Аю Гранд» гипермаркетинин аймагында), ал эми айдоочулук күбөлүктөрдү берүү М. Ауэзов 1/5 дарегинде жайгашкан төртүнчү калкты тейлөө борборунда

Ссылка: https://barometr.kg/ajdoochuluk-kblk-aluu-mntn-2020-zhyldyn-15-fevralyna-chejin-uzartylgandygyn-bildiret



Добавить комментарий