Айдоочулардын ачуусуна тийген жол кыймылынын инспектору иштен алынды

20 март 2019 09:28 3510 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкектеги Ош базарынын жанындагы жол кесилишин тейлеген инспектор милициянын курамынан бошотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты. 

Өзүнүн иши менен баарын нааразы кылган инспектор  дисциплинардык уставтын эрежелерине жооп бербейт. Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын буйругу менен ал ички иштер органдарынын кызматынан бошотулду.

Эскерте кетсек, 8-мартта Бишкектеги Чүй проспектиси жана Кулиев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кыймылын жөнгө салып жактан инспектор тууралуу видео тараган.

10-мартта социалдык тармакка жарыяланган видеодон ал өзүнүн ишине кайдыгер мамиле кылып жатканы көрсөтүлгөн. Бул боюнча кызматтык иликтөө башталган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/ajdoochulardyn-achuusuna-tijgen-zhol-kyjmylynyn-inspektoru-ishten-alyndy



Добавить комментарий