Айдоочу сүзүп кеткен жол инспекторунун абалы оор

2 октябрь 2018 12:15 965 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жол кырсыгында жабыркаган тартип сакчысынын абалы оор. Бул тууралуу  Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалым болгондой,  дарыгерлер ага «баш-мээсинен жабык жаракат алган жана жумшак ткандары жабыркаган» деген болжолдуу диагноз коюшту. Ал өз алдынча кыймылдай албайт. Дарыгерлер анын абалын оор экенин айтышууда.  

Белгилей кетсек, кечээ  1-октябрда Бишкек шаарында жол инспектору Марат Султаналиев жолдон өтүп бара жаткан  окуучуларды жолдон өткөрүүгө аракет кылып жаткан учурда кичи автобустун айдоочусу аны  коюп кеткен. Ал учурда оорканада.


Ссылка: https://barometr.kg/ajdoochu-szp-ketken-zhol-inspektorunun-abaly-oor



Добавить комментарий