"Айчүрөк" соода борборунун жер төлөсүндө каза болгон жаран боюнча кылмыш иши козголду
Бөлүшүү:
Кечээ, 28-августта "Айчүрөк" соода борборунун жер төлөсүндө 40 жаштардагы эркек киши эс-учун жоготуп каза болуп калган окуя боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Маалым болгондой, каза болуп калган жаран менен телефон саткан сатуучунун ортосунда пикир келишпестик жаралган. Маркумдун денесинде көк-ала тактар бар болуп чыкты. Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголду. Учурда кылмышка шектүү делинген жарандар кармалып, териштирүү иштери журүүдө. Эске салсак, 28-августта "Айчүрөк" соода борборунун жер төлөсүндө 40-45 жаштардагы эркек киши эс-учун жоготуп каза болуп калган.
Добавить комментарий ×