"Айчүрөк" соода борборунда кардарын уруп өлтүргөн жаран камакка алынды

30 август 2018 16:30 4162 Barometr
Бөлүшүү:
ok

"Айчүрөк" соода борборунда кардарын уруп өлтүргөн жаран камакка алынды. 

Бишкек милициясынан билдиришкендей,  25 жаштагы жигит ыкчам-иликтөө иштеринин жыйынтыгына кармалды. 

Маалым болгондой, кечээ ири дүкөндө эсин жоготкон адам тууралуу билдирүү келип түшкөн. Милиция анын денесинде  көгала тактарды аныктап, экспертиза дайындаган.  Көп өтпөй, "Айчүрөк" соода борборунда уюлдук телефон сатуучунун эркекти сабаган видеосу интернетке тарап кетти. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/ajchrk-sooda-borborunda-kardaryn-urup-ltrgn-zharan-kamakka-alyndy



Добавить комментарий