Айбек Карымовго «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген наам ыйгарылды

30 август 2018 18:00 1652 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Ырчы, обончу Айбек Карымов «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» деген ардактуу наамга ээ болду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматта айтылгандай, президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын социалдык-экономикалык,  интеллектуалдык жана руханий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги чоң жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын күнүнө карата «Кыргыз республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» жарлыкка кол коюп, сыйлыкка ээ болгондордун ысымдары жарыяланды. 


Ссылка: https://barometr.kg/ajbek-karymovgokyrgyz-respublikasynyn-emgek-siirgen-artisti-degen-naam-yjgaryldy



Добавить комментарий