Ырчы Айбек Карымов Жогорку Кеңешке аттанууда
Бөлүшүү:
Ырчы Айбек Карымов Жогорку Кеңешке аттанууну ойлонуп жатканын билдирди. Бул тууралуу ырчынын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Ырчы, арткаруучу Айбек Карымов Жогорку Кеңешке аттанууну ойлонуп жатканын айтты. Ошол эле учурда комузунан кол үзбөөрүн билдирди.
"Колумдагы комузум-түбөлүк досум. Кудайдын колдоосу менен көп ийгиликке жетелеп келет. Жакында Жогорку Кеңешке аттансамбы деп турам. Дале болсо комузум жанымда болот", - деп жазган ырчы.
Белгилей кетсек, быйыл 4-октябрында Кыргызстанда парламенттик шайлоо болот.
Ссылка: https://barometr.kg/yrchy-ajbek-karymov-zhogorku-keeshke-attanuuda
Добавить комментарий ×