Аида Салянованы камакта калтырышты

5 июль 2019 12:58 1278 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаардык соту экс-башкы прокурор Аида Салянованын бөгөт чарасын өзгөрткөн жок жана аны камакта калтырды.

Салянова 26-августка чейин 1-СИЗОдо камакта болот.

Белгилүү болгондой, бүгүн 5-июлда Бишкек шаардык сотунун соттук коллегиясы Салянованын жактоочусунун айыпталуучунун баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу өтүнүчүн караган. Жактоочу Салянованын ден соолугуна жана жаш баласы бар экенине байланыштуу анын бөгөт чарасын өзгөртүүнү суранган.  

Бирок шаардык сот Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөртүүсүз калтырды.  

Эскерте кетсек, 3-июнда экс-башкы прокурор Аида Салянова  кримтөбөл Азиз Батукаевди 2013-жылы  мыйзамсыз бошотуу боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында камалган.

Ссылка: https://barometr.kg/aida-salyanovany-kamakta-kaltyryshty



Добавить комментарий