Аида Салянова инисинин өлүмүнө байланышкан иштин күбөсү көрсөтмөсүн өзгөрткөнүн айтты

19 апрель 2019 21:55 2604 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунда экс-прокурор Аида Салянованын иниси Улан Саляновдун өлүмү боюнча кылмыш ишин кароо уланууда. 

Эки адам айыпталуучу катары өтүп жатат, алар-Эрмек Осмонкулов жана Асанэмир Абыкулов. Жабырлануучу тарап Аида Салянова.

Күбө Олег Тярттын көрсөтмөсүн видеого тартууга уруксат беришкен жок.

Сотто күбө айыпталып жаткан Эрмек Осмонкулов менен абак жайда таанышканын айтты.

"Кимдир бирөө жогорку даражалуу адамды жок кылууну сунуштады деп айтты. Мен “ушуга барасыңбы?” деп сурадым. Ал болсо “билбейм” деп жооп берди. Ага ким тапшырык бергенин мен билбейм. Ал башка варианттарды карап көрүүнү чечти. Ага Ошто тоноочулук кылууну сунушташты, ал жакта 86 миң доллар бар дешиптир”- деп айтты сотто Олег Тярт.

Күбө Эрмек Осмонкулов ага мурда сатып алган тапанчаны берип, аны сактап берүүнү өтүнгөнүн айтты. Тярт Эрмек Осмонкулов дагы жогорку даражалуу чиновникти өлтүрүүгө тапшырык берген ким экенин билбей турганын айтканын кошумчалады.

“Киши өлтүрүү тууралуу декабрда гана билдим. Ал эмнеге ойлонгонун билбейм. Ал октябрда келген. Эрмек жоголуп кетти жана кийин ооруп жатканы тууралуу справканы берди.Аны менден кайда кетти деп сурашты”,-деп билдирди Олег Тярт.

Салянова  күбө чындыкты айтпай жатат деп эсептейт жана буга чейин тергөөдө Олег Тярт Осмонкулов көп адамдардан заказ алып турганын айтканын кошумчалады.  

“Тергөөдөгү көрсөтмөлөрүндө Олег Тярт бир нече жолу Эрмек Осмонкулов көп адамдардан тапшырык түшкөнүн айткан. Эми аны танып жатат. Тергөөдө бул тууралуу бир нече ирет айтылган”,-деп нааразы болду ал.

Салянова күбөнү жалган көрсөтмө берген үчүн жоопко тартууну талап кыларын билдирди.

Эскерте кетсек, мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда белгисиз бирөөлөр Бишкектин четинде жайгашкан Көк-Жар конушундагы жаңы салынган үйүнө курал менен кирип, атып кетишкен. Кандуу окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин "Киши өлтүрүү" беренесинин негизинде иш козголгон.

"Ата Мекен" фракциясы окуяны Салянованын ишмердүүлүгү менен байланыштырып, "саясий негизи бар" деп сыпаттаган. ИИМ кылмышта саясий мотив жоктугун жана ал карактоо максатында болгонун маалымдаган.

Ссылка: https://barometr.kg/aida-salyanova-inisinin-lmn-bajlanyshkan-ishtin-kbs-krstmsn-zgrtknn-ajtty



Добавить комментарий