Аида Касымалиева дыйкандарга үрөн таратты

15 апрель 2020 10:55 777 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Аида Касымалиева жардамга муктаж 200 үй-бүлөгө 4 тонна картошканын үрөнүн жардам катары таратты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди

Коронавирус илдетине байланыштуу жазгы талаа иштерин жүргүзүүдө бир топ тоскоолдуктар болууда. Анткени үрөндү бир жерден экинчи аймакка жеткирүү дыйкандар үчүн кыйынга турууда. Бул маселени чечүү менен үйүнүн айланасындагы жерлерге эгин эгүүгө шарт түзүү учур талабы.

“Азыр бардык эле жерде жардам катары күнүмдүк тамак-аш таратылып  жатат. Бул күн да өтөт, эртеңки күнүбүздү да унутпастан кам көрүшүбүз керек. Ошол максатта “Үйдө болуп, келечегиңе кам көр” акциясын баштадык. Анын алкагында жардамга муктаж үй-бүлөлөргө, айыл-чарбага ылайыктуу жери барларга үрөн тараттык. Негизги максат, эл санитардык-гигиеналык абалды сактап, үйүнүн айланасындагы бакчага эгин эгип сырткы байланышты азайтуу болуп саналат. Анткени эл үрөн үчүн сыртка чыкпасын деп жеткирип берүүдөбүз. Ал эгиндер өсүп чыккандан кийин чачуучу дары-дармеги менен да камсыз кылабыз. Бул акция мындан ары да башка аймактарда улантылат”, - деди Аида Касымалиева.

Азыркы учурда үрөн  Ош облусунун Өзгөн районундагы Кароол, Куршаб, Жалпак-Таш, Кызыл-Октябрь, Кара-Таш айыл аймактарына таратылып берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/aida-kasymalieva-dyjkandarga-rn-taratty



Добавить комментарий