Аида Исмаилова БУУ тутумунун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту

8 апрель 2020 11:48 783 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Вице-премьер-министр Аида Исмаилова БУУ тутумунун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело менен жолугушту. Бул тууралуу Өкмөттүн Аппаратынын Басма сөз кызматы билдирди. 

Исмаилова БУУ тутумунун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кыргыз Республикасындагы өкүлү Назира Артыкова менен эл аралык уюмдардын демилгеси боюнча жолугушту.

 Вице-премьер-министр белгилегендей, өкмөт тарабынан коронавирус инфекциясынын жайылышынын алдын алуу боюнча бардык тийиштүү күч-аракеттер көрүлүүдө.

 Өз кезегинде Озонниа Ожиело вице-премьер-министр Аида Исмаиловага аталган иш-аракеттерде толугу менен колдоо көрсөтүлөөрүн билдирди.

 «Биз Кыргыз Республикасына, өзгөчө, мамлекет кыйын кырдаалда турган мезгилде бардык тийиштүү көмөктөрдү берүүгө даярбыз. Учурда Өзгөчө кырдаалдарга жооп кайтарууну координациялоо боюнча топтун иши жандандырылды жана кызматташтыктын сегиз артыкчылыктуу багыттары аныкталган», - деп кошумчалады ал.

 Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) өкүлү Назира Артыкова коронавирус инфекциясын дарылоо жана дартты аныктоо жаатындагы ДСУнун сунуштамаларын берди.

 Жолугушуунун катышуучулары ошондой эле пандемиянын кесепеттерин жоюу үчүн зарыл болгон социалдык-экономикалык чараларды талкуулады.

 Вице-премьер-министр Аида Исмаилова эл аралык уюмдарга кызматташтыгы жана көмөктөшүүсү үчүн ыраазычылык билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/aida-ismailova-buu-tutumunun-turuktuu-koordinatoru-ozonnia-ozhielo-menen-zholugushtu



Добавить комментарий