Африкада аял 38 баланы төрөп өстүрүүдө

12 октябрь 2018 11:00 4769 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алыскы Африка өлкөсүндөгү Уганде кыштагында Мариам Набатанзи аттуу аял 38 баланы төрөп өстүрүүдө.

Чет элдик басылмалар жазып чыгышкандай, Мариам баардык балдарын бир эле күйөөдөн өзү төрөгөн. Ал балдарын эч кандай операциясыз өзү жарык дүйнөгө алып келген.       

 Мариам 13 жашында турмушка чыккан. Ал дайыма көп балалуу болгусу келгенин айтып келчү.  Анын алгачкы наристелери эгиз, андан соң үч эм,   анын артынан төртөөнү төрөгөн. Мариам буга таң калбайт деле анткени алардын тукумунда мындай көп балалуу болгондор бар. Анын атасынын 45 баласы болгон. Бирок алар ар кайсы аялдан балалуу болгон. Ал бир күйөөсү менен гана турмуш кечирген. Күйөөсү экөөнүн 6 жуп эгиз, төрт үч эм, жана үч жолу төрттөн  ошондой эле экөө гана жалгыз болуп төрөлгөн балдары  бар. Жалпысынан 38 баланын ата-энеси.

Мариам ушунча көп баланы төрөгөнүнө өкүнбөйт, тескерисинче сыймыктанат. Болгону аны түйшөлткөн нерсе балдар атасыз өсүп жатканы. Учурда жолдошу аны таштап кеткен. Ал эч кандай жардам көрсөтпөйт жана  балдары менен байланышпайт дагы.

Ссылка: https://barometr.kg/afrikada-ayal-38-balany-trp-strd



Добавить комментарий