Алайда Памирлик кыргыздар үчүн курулган үйлөр колдонууга берилди (сүрөт)

2 ноябрь 2020 17:58 751 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Алай районунун Талды -Суу айылында Памирлик кыргыздар үчүн курулган социалдык шаарча колдонууга берилди. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

 28-октябрда өкмөткө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын жетекчилиги астында Ош облусунун Алай районундагы Талды-Суу айылында памирлик кыргыздар үчүн курулган социалдык көнүгүү шаарчасына Нарын облусунан 6 үй-бүлө, Чуй облусунан 1 үй-бүлө, Алай районунун Сары-Могол айылынан 3 үй- бүлө көчүрүлүп барып, жаңы курулган үйлөргө жайгаштырылды. 

Тактап айтсак, Миграция кызматынын демилгеси менен 2017-жылы Памирден 7 үй-бүлөө же 33 этникалык кыргыз кыргызстанга көчүрүлуп келинген. Алгач памирлик кыргыздар Нарын облусуна жайгаштырылып, мектеп жашындагы балдар окууга тартылып, убактылуу батирлер менен камсыздалган. Памирлик үй-бүлөөлөрдүн жашоо чыгымдары (тамак-аш, кийим-кече, коммуналдык чыгымдар, батир акылары ж.б.) бүгүнкү күнгө чейин Миграция кызматынын бюджетинен бөлүнгөн каражаттын эсебинен каржыланып келди.

2018-жылы Миграция кызматынын дагы бир демилгесинин натыйжасында өкмөттүн памирлик кыргыздарды колдоо тууралуу атайын программасы кабыл алынып, натыйжада афган кыргыздарын турак-үй менен камсыздоо иш-аракети жүзөгө ашырылган. Бул үчүн Миграция кызматынын бюджетинен жалпысынан 20,0 млн. сом бөлүнүп, Ош облусунун Алай районундагы Талды-Суу айылында памирлик кыргыздар үчүн социалдык көнүгүү шаарчасында 11 турак-үй курулуп бүтүп, пайдаланууга берилди жана алардын кошумча курулуштары, электрификациясы, жылуулук системасы кошо бүткөрүлдү.

Учурда бардык памирлик кыргыздар Кайрылман статусуна ээ болушкан жана мамлекет тарабынан берилүүчү бардык кепилдиктер менен (жөлөкпул, карылыгы боюнча пенсия, медицианлык кызмат көрсөтүүлөрдү алуу, сүйүнчү пул ж.б.) камсыздалып келүүдө. Бүгүнкү күндө республиканын аймагында жалпы 105 памирлик кыргыздар жашаса, алардын сегизи кыргызстанга келгенде төрөлгөндөр.



Ссылка: https://barometr.kg/alajda-pamirlik-kyrgyzdar-chn-kurulgan-jlr-koldonuuga-berildi-srt



Добавить комментарий