Адис колго тигилген беткаптарга басым жасабоого чакырды

21 апрель 2020 13:44 1833 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму кадимки кездемеден колго тигилген беткаптарды колдонбоого чакырууда. Мындай пикирди Кыргызстандагы адистер дагы колдоп жатышат.

С.Данияров атындагы кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча Кыргыз мамлекеттик медициналык институттун коомдук саламаттыктыктын жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө багыты боюнча кафедрасынын башчысынын милдетин аткаруучу Сабира Жумалиева “Барометр” маалымат агенттигине колго тигилген беткап менен атайын медициналык багытта тигилген беткаптардын айырмасын айтып берди.

Ал өз сөзүндө кадимки кездемеден тигилген беткаптарды тагынуу өмүргө өтө деле коркунуч алып келбей турганын айтып, мындай беткаптарды тагынуу алардын тартыштыгы болгон учурдан улам пайда болсо керек деген пикирин айтты.

“Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДСУ) атайын курамы бар медициналык беткаптарды тагынууну сунуштап жатат. Ал атайын кошулма менен иштетилип, кездемеси абдан тыгыз келет. ДСУ кездемеден тигилген беткаптарды колдонбогула деп кеңеш берип жатат. Себеби, аны тагынгандан кийин чөнтөгүнө салып, жууса жууп, жуубаса ошол бойдон кайра тагынып, өзүнө өзү жуктуруп жатат. Беткаптын ички бетинде вирус болуп калышы ыктымал. ДСУ андан сырткары беткапты жөн эле тагына бербегиле деп дагы сунуш берген. Кытайда сыртта баары тагынып жүрөт деп жатышат. Бирок ар бир киши ойлонуш керек, Кытайда калктын саны көп. Башында пандемия башталганда кишилердин көбү паника болуп сыртта дагы беткап кийип жүргүлө дегенге чейин барышты. Чынында вирус сыртта жүргөндө абага тарап жок болуп кетет. Эгерде көчөдө жүргөндө ооруп жаткан кишиге жакын болуп калсаңыз, ошол маалда беткапты сөзсүз кийиш керек. Эмнеге? Анткени ал жөтөлүп жатканда шилекейи аркылуу сизге жугуп калышы мүмкүн”, — деди ал.

Жумалиева сыртка чыкканда беткап кийип алгандан пайда деле жок экенин айтат. Себеби, вирус сыртта абада тарап жок болуп кетет.

“Беткапты оорунун симптомдору барлар кийиш керек. Бейтаптарды карап жаткан медициналык кызматкерлер сөзсүз түрдө беткап кийиш керек”, — деди ал.

Адис андан сырткары беткапты туура тагынуу баарынан маанилүү экенин белгиледи. Ал беттин ооз көңдөйүн толугу менен жаап, жылчык калтырбаш керек. Ошол эле маалда колдонулган беткапты дагы туура чечүү керек. Анын ички бетине колду тийгизбестан чечип, дароо таштандыга, же атайын урналарга салуу зарыл.

Ошол ошол эле маалда, азыр дарыканаларда атайын тигилген медициналык беткаптар бар экенин, эң жакшысы ошолорду сатып алып колдонуу пайдалуу болорун кошумчалады.

Жумалиева беткапты тагынып алганда эле адам вирустардан коргондум деп ойлобошу керектигин, жеке гигиенаны так сактап, колду таза жууп туруу керектигин эскертти.

Ссылка: https://barometr.kg/adis-kolgo-tigilgen-betkaptarga-basym-zhasaboogo-chakyrdy



Добавить комментарий