Adidas дүйнөдөгү эң узун спорттук бут кийимди чыгарды

3 март 2021 11:04 5271 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эстониялык рэпер Томми Кэш Adidas спорттук бренди менен кызматташып, дүйнөдөгү эң узун кроссовканы чыгарышты. Бул тууралуу рэпердин инстаграмм баракчасына жазылган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Рэпердин айтымында, алгач Adidas компаниясы анын адаттан тыш спорттук бут кийимдерди жаратуу идеясын таң калуу менен кабыл алган. Бирок, беш айдан кийин алар идеяны ишке ашырышкан. Музыкант тажатма, жөнөкөй жана модалуу нерселерден тажагандыгын айтып, оригиналдуу нерсени чыгарууну чечкен.

Белгилүү болгондой, сатып алуучулар Adidas брендинин тиркемесин жүктөп, каттоодон өтүп, оюунга катыша алышат. Бүгүн, 3-мартта дүйнөнүн эң узун кроссовкаларын бекер алган жеңүүчүлөр тандалып алынат. Бут кийимдердин узундугу тууралуу так маалымат айтыла элек.

Томми Кэш өзүнүн өзгөчө музыкалык стили жана чектен чыккан образы менен белгилүү. Рэпер модага жана дизайнга кызыгат. 2018-жылы, Кэш свитер, футболка, шарф, байпак жана скейтборддон турган кийим коллекциясын сунуштаган.


Ссылка: https://barometr.kg/adidas-djndg-e-uzun-sporttuk-kijimdi-chygardy



Добавить комментарий