Адамзаат тарыхында эң ыссык аба ырайы 2020-жылы катталган
Адамзаат тарыхында 2020-жыл эң ыссык жылдардан болду. Бул тууралуу БУУнун сайтына жазылган маалыматка шилтеме берип "Барометр" билдирет.
Дүйнөлүк Метеорологиялык Уюмдун отчетунда климаттын мындай кескин өзгөрүшүнөн жапа чеккен миллиондогон адамдар үчүн "эки эселенген сокку" деп айтылат.
"Биз азыр туңгуюкта турабыз. Кургакчылыктын жана токойлордун өрттөнүшүнүн кесепетинен мөңгүлөр эрип, тропикалык бороон-чапкындар күчөп жатканын көрүп жатабыз. Илимий коомчулук аныктаган 1,5 градуска жеткен кооптуу босогого жакындап жатабыз», - деп жазды БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриш.
Гутерриш дүйнө лидерлерин климаттын олтуттуу өзгөрүшүнө өзгөчө көңүл бурууга чакырып, 2021-жыл адамзаттын тарыхы үчүн климаттын калыбына келгис өзгөрүүсүнүн алдын алуу үчүн чечүүчү жыл болушу керек деди.
Өткөн жылы Америка Кошмо Штаттарынын тарыхтагы эң ири өрт кырсыгы жана эң көп урагандар катталды. АКШнын Луизиана штатына жеткен жалгыз Лаура ураганынан 19 миллиард доллар зыян келтирилген.
Ал эми, Калифорнияда 2020-жылдын август айында дүйнө жүзү боюнча 80 жылдагы эң жогорку температура 54,4 градус ыссык аба ырайы катталган.
Ошентип, 2020-жыл адамзаат тарыхында акыркы 100 жылдагы эң ыссык аба ырайы катталган.
Ссылка: https://barometr.kg/adamzaat-taryhynda-e-yssyk-aba-yrajy-2020-zhyly-kattalgan
Добавить комментарий ×