Адамдар дароо эстен танып, оозунан көбүк куюлуп жатат. Индиядагы белгисиз илдеттин себеби аныкталды

9 декабрь 2020 12:15 3279 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сууда жана сүттө коргошун жана никелдин бар экени аныкталды. Бул Индиянын түштүгүндөгү Андхра-Прадеш штатындагы табышмактуу оорунун себеби болушу мүмкүн. Металдар сууга жана сүткө кантип киргени белгисиз. Бул тууралуу “РИА Новостиге” шилтеме берүү менен “Барометр” билдирет.

Өткөн жекшембиде Элуру шаарында жана анын айланасында белгисиз илдеттен улам адамдар массалык түрдө ооруканга кайрылышкан. Белгилери:  үч-беш мүнөттүн ичинде адамдар эпилепсияга кабылып, бир нече мүнөттүн ичинде эс тутумдун начарлашы, күтүлбөгөн жерден эсинен тануу, баштын жана белдин оорушу.

"Табышмактуу ооруну эмне козгогону жөнүндө толук маалымат бериле элек. Бирок, эпидемиянын чыгыш себеби коргошун экендиги аныкталды", - деди Индиянын саламаттык сактоо тармагынын өкүлү Алла Кали Кришна Сринивас.

Бирок, отчетто бул алдын-ала маалыматтар жана кошумча изилдөөлөрдүн натыйжаларын күтүү керек деп белгиленет.

"Индиянын Химиялык технология институту жана башка институттары кошумча изилдөөлөрдү жүргүзүп жатышат. Жыйынтыгы жакын арада күтүлүүдө. Башкы министр бейтаптардын денесиндеги оор металлдардын курамын тыкыр иликтөөнү жана дарылоо процессин ар дайым көзөмөлдөөнү тапшырды", - деп айтылат билдирүүдө.

Жергиликтүү саламаттыкты сактоо органдарынын маалыматы боюнча, жалпысынан 505 адам ооруканага кайрылып, 370тен ашууну айыгып, дагы 120 адам ооруканаларда жатат.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, Батыш Годаваринин борбору болгон Элуруда ичүүчү суу көйгөйү чечилбей келет. Бул округ Андхра-Прадеш штатындагы күрүчтү эң ири экспорттогон өлкө жана анын сугат тутумун бир кылым мурун легендарлуу британиялык инженер сэр Артур Коттон салган.

Ссылка: https://barometr.kg/adamdar-daroo-esten-tanyp-oozunan-kbk-kuyulup-zhatat-indiyadagy-belgisiz-ildettin-sebebi-anyktaldy



Добавить комментарий