Бишкекте аракка тойгон эргул жаш кызды зордуктап, каналга чөктүрүп жиберген

4 ноябрь 2019 10:30 5136 Жайнагул Такенова
Бөлүшүү:
ok

Жакында Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту адам өлүмүнө шектүү жаранды 20 жылга эркинен ажыратуу боюнча өкүм чыгарды.

Маалыматка ылайык, айыпталуучу каза болгон аялдын таанышы болгон. Алар  чогуу спирт ичимдигин ичишкен, андан кийин шектүү аялды бир канча жолу зордуктаган андан кийин  Чоң Чүй каналына чөктүрүп жиберген.

«Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айыпталуучу күнөөсүн мойнуна алган жок. Айтымында, окуя болгон күнү ал эс алуу багындагы жумушта болгон. Каза болгон аял бетон плитанын үстүндө уктап жаткан, ойгонгондон кийин үйүндөгү көйгөлөр тууралуу айтып берген. Шектүү чынында эле аны менен тааныш болгонун, бир-эки жолу спирт ичимдигин ичишкенин айтты. Ошондой эле Чоң Чүй каналына түшкөндөрүн, аял чөгүп кеткенин кошумчалады», — деп айтылат өкүмдө.

Ссылка: https://barometr.kg/adam-mrn-kol-salgan-zharan-20-zhylga-erkinen-azhyratylat



Добавить комментарий