Адам качан бактылуу боло алат?

22 февраль 2023 12:05 5625 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Үйлөнүп, үй-бүлө курган алгачкы күндөрү эми мындан кийин жашоо биз үчүн өзгөчө болооруна өзүбүздү ишендиребиз. Кийин балким балдар пайда болгондо жакшы өмүр башталат деп ойлойбуз. Кийин алар өскөндө чыныгы бакытка жетсек керек деп коёбуз. Ушул сыяктуу чоңойгондо, жумушка киргенде, жаңы унаа алганда, дем алышка чыкканда, пенсияга чыкканда дегендей ар бир жаңы өзгөрүшкө кол жеткизгенде жашоонун ырахатына, бакытына кездешебиз деп үмүттөнөбүз. Бул тууралуу адистердин сунуштарына таянып "Барометр" билдирет.

Мындай ойлогонубуз бакытка алып барган жолдун бул эмес экенин көрсөтөт. Ал эми негизги чындык болсо, чыныгы бакыттын азыркы күндөр.

Эгер буга макул эмес болсоңуз, анда кайсы убакыт? Өмүрүбүздүн бардык учуру күрөшкө толу болоору анык. Андай болсо, эң туурасы чындыкты өзү боюнча кабыл алып, ар бир учурдун өзүнө таандык бакытын көрө алуу.

Альфред Д’Соуза мындай деген экен: «Узак убакыттан бери бактылуу өмүрүңдүн (жаңы, чын өмүрдүн) башталышын күтүүдөмүн. Бирок качан болбосун жолумда бир тоскоолдук, жетиш керек болгон максат, бүтпөй калган тирчилик, бериш керек болгон карыз, күтпөгөн жумуштар чыгып турду. Ал менин оюмча чыныгы жашоо ошондон кийин башталыш керек эле. Бирок ошол тоскоолдуктардын баары менин өмүрүм экенин аягында түшүндүм...»

Андай болсо, дал азыр колубуздагы ар бир мүнөттү, өмүр сүрүп жаткан ар бир күндүн кадырын билели!... Убакыт эч кимди күтпөйт, ошону унутпаш керек. Бактылуу болуш үчүн кандайдыр бир өзгөчө учурдун келүүсүн, шарттардын орундалышын бошко күтпөй, кандай учурда болсок да бактылуу болууга маани берип көрөлү.


Ссылка: https://barometr.kg/adam-kachan-baktyluu-bolo-alat



Добавить комментарий