Адахан Мадумаров: "Атамбаевдин өкүнүчү бул "кечиккен махабат""

21 ноябрь 2018 18:05 1694 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 21-ноябрда "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров маалыматтык жыйында көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жооп берди. Мурдагы Президент Алмазбек Атамбаевдин "Апрель ТВ" телеканалына берген интервьюсу тууралуу да өз пикирин айтып өттү. Ал мурдагы президенттин билдирүүлөрүн "кечиккен өкүнүч" деп баалады.

"Атамбаевдин берген интервьюсу боюнча, "кечиккен махабат" деген түшүнүк бар го. Бул өтө кечиккен өкүнүч. Кээ бир жерлерин туура айтып жатат. Бирок ошол туура айткан жерлерин бир жарым жыл премьер-министр, алты жыл президент - жалпысынан жети жарым жыл бийликте отурганда жасап коюшу керек эле. "Менин командамды соту жок камап койду" деп атпайбы. Ал нерсе мурда да болуп келген. Мына, "көптөгөн суроолорго жооп берилбей жатат" деп атпайбы. Ал кезде да жооп берилген эмес. Кезинде мен өз колум менен жазып, 2011-15-17-жылдардагы шайлоолордогу ар бир мыйзам бузуу фактыларын дискке көчүрүп бергем. Кыргызстандагы мыйзам бузуу боюнча фактылар менен дискти Сапар Исаковдун колуна тапшыргам. Бирок жооп берген жок да! "Туура" деп да, "туура эмес" деп да айткан жок. Бүгүн эми ушундай абалга кептелдик. Биздикилердин акылы түштөн кийин кирет." -деди Адахан Мадумаров.

Эске салсак, экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда "Апрель ТВ" каналына маек куруп, азыркы бийликти "Бакиевдин жолуна түштү" деп айткан. Ошондой эле Өмүрбек Текебаевдин камалышы жана журналисттер менен соттошуу жаатындагы суроолорго да жооп берип, "Андай кылбасам деле болмок" -деген мааниде жооп берген.

Ссылка: https://barometr.kg/adahan-madumarov-atambaevdin-knch-bul-kechikken-mahabat



Добавить комментарий