Ачка калып үч аялынын балдарына алимент төлөгөн эркек өмүр бою үйлөнбөскө ант берди
Казакстандын Костонай шаарынын жашоочусу 41 жаштагы Н. У.нун үч аялынан үч баласы бар. Аялдары менен мамилеси начар болгонуна жана акчасы тартыш болгонуна карабай балдары үчүн жашап аларга өз ыктыяры менен алимент төлөп жатат. Бул тууралуу nur.kz булагы кабарлады.
Өзү механик болуп иштеген каарман кошумча сантехника катары иштеп акча табат.
Алгач ирет 21 жашында үйлөнүп, бул никеден төрөлгөн баласы 16 жашка чыккан. Экинчи аялынан 10 жаштагы кызы бар.Үчүнчү никесинен төрөлгөн уулу 8 жашка чыккан. Эркек киши анын ажырашып кетишине аялдары себепчи болгон деп эсептейт.Үчүнчү аялы менен ажырашкандан кийин эркек катуу депрессияга түшүп, мындан аркы жашоосун балдарына арноону чечип, өмүр бою үйлөнбөскө ант берди.
Ал эки никеси расмий болбогондуктан өз ыктыяры менен балдарына 40 миң теңгеден берип турат. Расмий никесинен төрөлгөн баласына дагы ошончо төлөйт. Тапкан акчасы 150 миң теңгенин тегерегинде.
Ссылка: https://barometr.kg/achka-kalyp-ch-ayalynyn-baldaryna-aliment-tlgn-erkek-mr-boyu-jlnbsk-ant-berdi
Добавить комментарий ×