Абылгазиев Жалал-Абад менен Ошту кыдырат
Бөлүшүү:
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жумуш сапары менен Жалал-Абад жана Ош облустарына барат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Сапардын жүрүшүндө премьер өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн 2019-жылы аткарган иштерин жана 2020-жылдагы милдеттерин талкуулаган кеңейтилген коллегиясына катышат.
Мындан тышкары Ош облусунун Өзгөн районунун Төрт-Көл айылындагы орто мектептин ачылыш аземине катышмакчы.
Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-zhalal-abad-menen-oshtu-kydyrat
Добавить комментарий ×