Абылгазиев: Корея менен соода-экономикалык кызматташтык активдештирилет

18 июль 2019 14:50 877 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кореянын премьер-министри Ли Нак Ён менен болгон эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу бүгүн, 18-июлда өкмөттүн апппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү кабарлады.

Жолугушуунун жүрүшүндө Абылгазиев Түштүк Корея Кыргызстандын Азия регионундагы негизги өнөктөштөрүнүн бири экенин айтты.

Өкмөт башчы белгилегендей, эки тараптуу кызматташууну, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөдөгү байланыштарды активдештирүү үчүн баардык шарттар бар.

Премьер-министр кыргыз тарап эки өлкөнүн ортосунда саясий диалогду улантуу маселесине өтө чоң маани берерин айтып, мындан ары да ар тараптуу өз ара пайдалуу кызматташууга даяр жана ачык деп белгиледи.

«Кыргызстандын тышкы саясатынын артыкчылыктуу багыттарынын бири Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан сыяктуу коңшу мамлекеттер менен достук жана боордоштук мамилелерди бекемдөө болуп саналат. Бизди алар менен кылымдардан бери уланып келе жаткан салт-санаалар жана үрп-адаттар, достук жана ынтымактуу коңшулук мамилелер байланыштырып турат. Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуусу эки тараптуу негизде, ошондой эле көп тараптуу форматта дагы өнүгүп келе жатат. Ушуга байланыштуу «Борбордук Азия – Корея Республикасы» форумун андан ары өнүктүрүү демилгесин толугу менен колдойбуз», – деди Абылгазиев.

Өкмөт башчы Корея Кыргызстанга шайлоо процессин өркүндөтүүгө колдоо көрсөтүп жаткандыгын белгилеп, натыйжасында парламенттик жана президенттик шайлоолор ачык-айкын, адилеттүү атаандаштык шарттарда өтүп, өз учурунда ал өлкөдө демократиялык өзгөртүп түзүүлөрдүн жогорку деңгээлин көрсөткөнүн айтты.

Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-koreya-menen-sooda-ekonomikalyk-kyzmattashtyk-aktivdeshtirilet



Добавить комментарий