Абылгазиев Казакстандын өкмөт башчысы менен сүйлөштү. Чек арада жүк унааларын өткөрө башташты

6 апрель 2019 17:00 8442 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Азыркы учурда кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги кырдаал жөндөлүүдө, өткөрмө жайлары штаттык режимде ишин баштады. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесинде оор жүк ташуучу унаалардын топтолушу катталган соң, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстан Республикасынын Премьер-министри Аскар Мамин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жана түзүлгөн кырдаалды чечүү жолдорун талкуулаган.

Жетишилген макулдашууга ылайык, Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Оңолбеков баштаган делегация Нур-Султан (Казакстан Республикасы) шаарына жөнөтүлгөн. Эки өлкөнүн компетенттүү органдары дагы өз ара үзгүлтүксүз байланышта болушуп, маселени тезинен чечүүгө багытталышкан.

Нур-Султан шаарында бардык жолугушуулар ачык жана конструктивдүү негизде өттү.

Учурда кыргыз-казак чек арасындагы өткөрмө жайлары штаттык режимде ишин баштады. Казак тарап 2019-жылдын 5-апрелинен тартып калк керектөөчү товарлар жүктөлгөн оор жүк ташуучу унааларды мурдагы режимде өткөрө баштады. Жакынкы күндөрү оор жүк ташуучу унаалардын топтотулушу боюнча маселе толук түрдө чечилүүсү күтүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-kazakstandyn-kmt-bashchysy-menen-sjlsht-chek-arada-zhk-unaalaryn-tkr-bashtashty



Добавить комментарий