Абылгазиев Казакстан КРнын чек арасындагы көзөмөлдү эмнеге күчөтүп жатканын айтты

24 апрель 2019 12:21 1451 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 24-апрелде парламенттин жыйынында премьер-министр Мухамметкалый Абылгазиев өкмөттүн бир жыл ичинде аткарган иштери тууралуу депутаттарга отчет берип жатат. 

Жыйындын жүрүшүндө депутат Исхак Пирматов өкмөт башчыдан Казакстан эмнеге маал-маалы менен Кыргызстандын чек арасында көзөмөлдү күчөтүп жатканын сурады.

Абылгазиев бул жөнүндө ачык айтса боло турганын маалымдап:

"Казакстан Кыргызстандын алдында шарттарды коюп жатат. Кайсы гана чечилбеген маселе болбосун макулдашуудан бир тараптуу чыгып кете тургандай кылуубузга макул болгула деп жатышат”,-деди.

Пирматов Казакстан Кыргызстан аркылуу Тажикстанга аткезчилик жол менен ташылган мунайга нааразы болуп жатат деп эсептерин айтып өз оюн кошумчалады.   

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-kazakstan-krnyn-chek-arasyndagy-kzmld-emnege-kchtp-zhatkanyn-ajtty



Добавить комментарий