Абылгазиев: Эсеп боюнча көмүскө экономика 24 пайызды түзөт, бирок реалдуу андан дагы көп

25 апрель 2019 13:04 1795 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүн отчету талкууланып жаткан маалда депутат Айнура Осмонова премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди көмүскө экономика менен күрөшүүгө чакырды. 

“Расмий маалыматтар боюнча Кыргызстандагы көмүскө экономика 35-40 пайызды түзөт. Анда эмне айрым эксперттер 60 пайыз деп айтып жатышат. Канча каражат бюджетке түшөт?”,-деп сурады депутат.

Абылгазиев көмүскө экономика 24 пайызды түзөрүн айтты.  

"Бирок мен ойлойм, көмүскө экономиканын деңгээли бир кыйла эле жогору деп. Бул багытта Кытай, Россия, Казакстандын тажрыйбасын эске алуу менен пландаган иш-чараларын концепциясы даярдалды”,-деп айтты өкмөт башчы. 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-esep-boyuncha-kmsk-ekonomika-24-pajyzdy-tzt-birok-realduu-andan-dagy-kp



Добавить комментарий