Абылгазиев: Элдин алдында Өкмөттүн отчётун үч жолу ийгиликтүү тапшырдык

16 июнь 2020 15:26 1001 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Биздин Өкмөт 2000-жылдан кийинки биринчи жолу элдин алдында Өкмөттүн отчётун үч жолу ийгиликтүү тапшырган Өкмөт болду. Бул туурасында Кыргыз Республикасынын экс-Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөт мүчөлөрүнүн милдетин аткаруучулар менен жолугушууда билдирди.
«Ошондой эле биз 3 жолу өлкөнүн реалдуу бюджетин бекиткен жана аны ашыгы менен аткарган Өкмөт болдук, андан тышкары антикризистик бюджетти бекиттик. Мен 1-2 санга токтолгум келет: ИДПнын көлөмү 2018-жылы – 3,8% болсо, 2019-жылы – 4,5% өсүштө болдук., ал эми ИДПнын номиналы 2016-жылы – 476 млрд сом болсо, 2018-жылы – 569 млрд сом болсо, 2019-жылы – 590 млрд сомду түздү, же өсүш 114 млрд сомго көбөйдү (+20%). Бюджет 2018-жылы –135 млрд сомго барабар болсо, 2019-жылы – 148,4 млрд сомго жетип, 13 млрд сомго өскөн. Ал эми 2020-жылы COVID-19 пандемиясына чейин бюджетти 163,7 млрд сомго дейре жеткирүү болжолдонгон», - деп билдирди экс Премьер-министр.

Эскерте кетсек, кечээ 15-июнда Кыргыз Республикасынын премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кызматтан кетүү тууралуу арызын берген. Бүгүн Президенти Сооронбай Жээнбеков Абылгазиевдин отставкасын кабыл алганы тууралуу кол койгон.

Ссылка: https://barometr.kg/abylgaziev-eldin-aldynda-kmttn-otchyotun-ch-zholu-ijgilikt-tapshyrdyk



Добавить комментарий