Президент Абылгазиевдин отставкасын кабыл алды. Өкмөт дагы отставкага кетти деп эсептелет
Поделиться в:
Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон Жарлыкка ылайык, Премьер-министри Абылгазиев Мухаммедкалый Дүйшекеевичтин отставкасы кабыл алынды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтү отставкага кетти деп эсептелет.
Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, биринчи вице-премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык КРнын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну Өкмөтүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат.
Ссылка: https://barometr.kg/muhammedkalyj-djshekeevichtin-otstavkasy-kabyl-alyndy
Добавить комментарий ×