Жогорку окуу жайларга кабыл алуу толугу менен онлайн форматта өтөт

8 июль 2020 13:20 797 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку окуу жайларга кабыл алуу толугу менен онлайн форматта жүргүзүлөт. Бул тууралуу Республикалык штабка шилтеме берип "Барометр" билдирет.

 Ал үчүн атайын “Абитуриент Online” автоматташтырылган маалыматтык системасы билим берүү жана илим министрлиги тарабынан иштелип чыкты”, - деп билдирди Билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова.

Анын айтымында, онлайн системанын негизги максаты – пандемия учурунда жарандардын коопсуздугун сактоо жана бардык абитуриенттерге бирдей шарт түзүү.

Аны менен бирге, абитуриенттерге ЖОЖго кирүү үчүн конкурска электрондук форматта катышууга мүмкүнчүлүк түзүп, кабыл алуу комиссияларынын конкурстун жүрүшүнө жана жыйынтыктарына тийгизүүчү таасирин минималдаштыруу болуп эсептелет.

Абитуриенттин иш-аракеттеринин алгоритми

Каттоо. Абитуриент 2020.edu.gov.kg сайтында каттоо процедурасынан өтүүсү керек, ал үчүн профилде керектүү маалыматтарды толтурат. Маалыматтар толтурулгандан кийин абитуриенттин телефон номерине СМС билдирүү келет. Эскертүү, телефон номерин туура, так көрсөтүү зарыл!

 ЖОЖду тандоо. Системада көрсөтүлгөн окуу жайлардын тизмесинен багытты жана профилди тандоо керек.

 Өтүнмө (заявка) берүү. Андан кийин ЖОЖду, даярдоо багытын тандоо менен ЖРТнын электрондук талонун тиркөө зарыл.

 Кабыл алуу. ЖОЖдун сунушунан кийин тандалган адистик боюнча окуу тууралуу чечимин тастыктоо зарыл.

2020-2021-окуу жылында Кыргыз Республикасынын орто кесиптик окуу жайларына абитуриенттерди тандоо эки тур менен өткөрүлөт.
Кабыл алуунун графиги:
13-31-июль
– 1-тур – Документтерди онлайн каттоо
3-август
– Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси илинет
3-6-август
– Абитуриенттердин орто кесиптик орто окуу жайларга кабыл алууну каалоосун тастыктоосу
1-август – 20- август
– 2-тур – Документтерди онлайн каттоо
22-август
– Кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси илинет
23-30-август
Абитуриенттердин орто кесиптик орто окуу жайларга кабыл алууну каалоосун тастыктоосу.

Абитуриенттердин арасында конкурс орто жалпы билими жөнүндө аттестаттын же негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүктүн орточо баллынын суммасы жана конкреттүү адистик үчүн профилдик предметтин баасын эске алуу менен өткөрүлөт. Бул процесс атайын формуланын негизинде эсептөө менен жүргүзүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/abutirentterdi-kattoo-zhana-kabyl-aluu-onlajn-rezhimde-bolot



Добавить комментарий