Интервью. Данияр Абдыраимов: "Футзалдын деңгээли өссүн десек, оюнда мушташпаш керек"

19 февраль 2019 15:08 1536 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын футзал боюнча Суперлигасында Оштун «EREM» клубу 6 упайга алдыга озду. Суперлиганын 9-турунун оюндары 15-16-17-февраль күндөрү Бишкектин Арча-Бешик конушундагы ден соолукту чыңдоо борборунда өттү.

Учурдагы чемпион «EREM» үч беттешти тең, анын ичинде өткөн жылдагы финалдагы атаандаштары "Алга-Дордой" командасын да утуп, турнирдик жадыбалда алдыга чыкты. Эске сала кетсек буга чейинки турларда Ошто чемпиондор «Алга-Дордой» командасына утулуп калган болчу.

Турдагы беттештерди жеңүүдөгү артыкчылыктар, Кыргызстанда футзалдын деңгээли, калыстардын ишмердүүлүгү тууралуу суроолорго «EREM» командасынын башкы машыктыруучусу Данияр Абдыраимовдон жооп алдык:


- Данияр мырза, эң оболу жеңиштер менен куттуктайм! Сиз жетектеген команда бул турдагы мүмкүн болгон тогуз упайды колго киргизди. «EREM» Сан Ситини 4-1, Строймир клубун 9-2 жана «Алга-Дордой» командасын 4-0 эсебинде утту. Мындай ийгиликти камсыздоого кандай жетишти, деп ойлойсуз?

- Рахмат! Мына февраль айынан футзал боюнча Суперлиганын экинчи айлампасы башталды. Кыргызстанда футзал жыл сайын өсүп жатат. Жаңы командалар кошулуп, чет жактан келген футболчулар болуп деңгээл жогорулаганы байкалууда. Ошондуктан командаң ар бир турга өзүнчө даярдыкта болуу зарылдыгы келип чыгат. Биздин «EREM» 9-турга карата команда мүчөлөрү биргеликте даярдык көрдүк. Ички биримдик, жеңүүгө болгон каалоо оюнчуларда жогору болгону үчүн ийгиликке жетиштик деп ойлойм.

- Бул турдун борбордук беттеши катары саналган «EREM» - «Алга-Дордой» оюну өзгөчө чыңалууда өттү. Өткөн жылы дал ушул эки команда финалда кезигип, негизги бөлүктө тең-тең болуп, пенальтиден жеңип алгансыңар. Бул оюнга да өзгөчө даярдык көрүлдүбү?

- Өткөн жылы финалда Алга командасын жеңип чемпион болгонбуз. Деген менен быйылкы сезондун буга чейинки турларында биз алар менен кезиккенбиз. Бишкектиктер бизди өз үйүбүздө 4-7 эсебинде утуп кетишкен. Ошондуктан бул беттешке биз өзгөчө маани берип, жогорку даярдыкта болууга аракеттендик. Оюнчуларга бекем тактикалык жана физикалык көрсөтмөлөр коюлду. Болгон мүмкүнчүлүктү пайдаланууга аракет жасалды. Балдарымдын тапшырманы 100 пайыз аткаргандары болду, толук күчү менен ойной албай да калышты, мен аттарын айтпайын, айрымдары. Натыйжасын өзүңөр көрдүңөр, ийгилик биз тарапта болду.

- Чынын айтыш керек борбордук беттеште орой ойнолгон, «Алга-Дордой» футболчулары тарабынан сиздин футболчуга жаракат келтирген учурлар болуп кетти. Ал турсун, былтыркы жылдагы финалда да Алгачылар «EREM»дин оюнчусун бетке муштаган учурлар болгон эле. А, калыстар тарабынан буга көңүл бурулбай, тийиштүү чаралар көрүлбөй калууда. Атаандаш команданын мындай оройлугу, калыстардын ишмердүүлүгүнө кандай пикир айтасыз?

- Акыркы үч жылда Кыргызстанда футзалдын деңгээли өсүп жатат. Учурда чемпионатта 12 команда ойноодо. Чет жактан келген оюнчулар 37ге жетти. Мен жогоруда да айтып кеттим эле, мунун өзү Суперлигадагы кадимки өсүштү далилдеп турат. Ошондуктан калыстардын иштөөсүндө да татаалдык жаралууда. Чукул арада чечим кабыл алуучу учурларда алар аксап калып жатышат. Деген менен алар да футзалдын деңгээлине жараша улам өсүп жатат деп айтууга болот.

Ал эми оройлук, агрессия боюнча айтсам, эми оюнда болот, кокустук болот, кээ бир учурда атайын жасалган ыкмалар бар. Эмоция дегендей.... Бүт ааламга атагы чыккан, дүйнө чемпиону Зинедин Зидан сыяктуу футболчулар да эмоциясын башкара албай мушташып, беттештен четтетилгенин футбол күйөрмандары жакшы билет. Ойнойм деген адам баарына даяр болушу керек. Мындай учурлар болот, аны токтотуу кыйын, бирок азайтууга аракет көрүлүшү зарыл.

Алгачылар менен оюн аянтында атаандаш болгонубуз менен сыртка чыкканда доспуз. Бири-бирибизди жакшы билебиз. Агрессия, каршылашуу деген түшүнүктөрдүн баарын футзал аянтына таштап чыгабыз. Эми Кыргызстанда футзалдын деңгээлин, ойноо, атаандаштык маданиятын өстүрөлү десек оюнда мушташууну тап-такыр болтурбаш керек. Мен оюнчуларыма дайыма чырдан оолак болгула деп айтам. Башкаларды да ушуга чакырат элем.

- Акыркы суроо болсун, Данияр мырза сиз башында турган «EREM» клубу эки жыл удаасы менен чемпиондукту уттуңуздар. Быйыл да тогузунчу турдан соң турнирдик жадыбалда 6 упай озуп, көч баштап келет. Деген менен ар бир командада жетишпегендик, кемчилик болот. «EREMдин» учурда аксап турган жактары барбы? Менин командам ушул жагын колго алышы керек, деген тынчсыздануучу ойлор болсо керек, Сизде?

- Эми оюн, футболчулардын курамы боюнча алганда Кудайга шүгүр баары ордунда. Бирок футболчуларыбыз жашаган жери боюнча ар кайсыл аймактарда. Команда Оштуку болгондуктан футболчулардын басымдуу бөлүгү ошол жакта. Айрымдары Бишкекте жашайт. Ирандан, Казакстандан келген футболчулар бар. Географиялык жагдайга байланыштуу команда ар дайым эле толук бирге боло албай, чогуу машыга албай калган көйгөй бар. Дайыма футболдук тапта (формада) болуш үчүн өз алдынча машыккандар бар. Ушул маселе толук чечилсе ийгиликке жетүү бир кыйла жеңил болот эле деп айтсам жаңылбайм.  

Рахмат маекке, ийгилик!

Ссылка: https://barometr.kg/abdyraimov-futzaldyn-degeeli-ssn-desek-oyunda-mushtashpash-kerek



Добавить комментарий