Видео. Футзал. “EREM” жаңы сезонду ишенимдүү жеңиш менен баштады

10 ноябрь 2019 23:18 4801 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Футзал боюнча Кыргызстандын Суперлигасынын чемпиону “EREM” жаңы сезонду жеңиш менен баштады. Чемпионаттын алгачкы турундагы эки беттешин Бишкектин “Намыс” командасы менен ойноп, эки беттеште тең 2:7, 3:8 эсебинде ишенимдүү жеңишке жетишти.

Оштук команданын башкы машыктыруучусу Данияр Абдыраимов оюн боюнча “Barometr.kg” сайтына комментарий берип, атаандаш жаңыдан гана тажрыйба алып келатканын айтты.

Атаандаш Суперлигага быйыл кошулду. Жаңыдан тажрыйба топтоп жатат. Бул беттеште биздин жаңы оюнчулар сыноодон өттү. Жакшы ойношту. Айрымдары гол киргизишти. Алар буюрса узак сезондогу оюндарда бизге жакшы ойноп беришет деп үмүттөнөм”, - деди Данияр Абдыраимов.

Эске сала кетсек, Суперлиганын биринчи турунда “Намыс” -  “EREM” командаларынын беттеши 9-10 ноябрь күндөрү Бишкектеги "Suncity" спорттук клубунда болду.

Ссылка: https://barometr.kg/video-futzal-erem-zhay-sezondu-ishenimd-zheish-menen-bashtady



Добавить комментарий