Видео. Футзал: Лидерлердин биринчи беттешинде “EREM” утту

23 ноябрь 2019 23:00 1176 Barometr
Бөлүшүү:
ok


Футзал боюнча Суперлиганын кезектеги турунда лидерлер кезигишти. Оштун “EREM” клубу Бишкектин “Фарватер” командасын өз талаасында кабыл алып, 4:1 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу оштук команданын башкы машыктыруучусу Данияр Абдыраимов “barometr.kg” сайтына билдирди.

Анын айтымында беттеште командасы атаандашты бардык жагынан прессингге алуу тактикасы өз жемишин берген.

Биз беттеште атаандашты прессингге алып, ойногонго мүмкүнчүлүк бербөөгө, ошол эле маалда чагылгандай контр чабуулга өтүү тактикасын тандаганбаз. Бул толук өз жемишин берди. Биз уттук”, - деди ал.

Беттеш Оштогу “Шавхат” спорттук комплексинде өткөн.

Ушул эле командалар эртең, 24-ноябрда ошол эле оюн залында  экинчи беттешин өткөрүшөт.

Ссылка: https://barometr.kg/video-futzal-liderlerdin-birinchi-betteshinde-erem-uttu



Добавить комментарий