Омбудсмен абактагы чиновниктердин абалын билди

23 июнь 2018 02:40 1258 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов жана парламенттин бир нече депутаттары К. Бокоев, Р. Казакбаев, Р. Чойбеков , ошондой эле акыйкатчы Кубат Оторбаев   УКМКнын  тергөө абагында отурган депутаттар менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчынын аппаратынын басма сөз кызматы кабарлады.

Жакынкы күндөрү  камакка алынгандар Канатбек Исаев, Осмонбек Артыкбаев, мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков жана Жалал-Абад шаарынын мурунку мэри Салайдин Авазовдор экени жалпыга маалым. 

Акыйкатчы жана депутаттардан турган курам ар бири менен өзүнчө баарлашты. Осмонбек Артыкбаев ден-соолугуна байланыштуу бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарып берүүнү өтүнсө, Сатыбалдиев адвокаттарга жолугушуу зарыл экенин белгилеген. Авазов үй-бүлөсү менен көрүштүрүүнү суранса, Исаков №1 тергөө изоляторунун шартына нааразычылыгы жок экенин билдирген.

Быйыл кышында Бишкек ЖЭБинде авария болуп, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилбей калган. Бул окуя жарым жыл мурун модернизацияланган ишканага карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренеси ("Коррупция") менен иш козгоп, УКМК тергөө баштаган. Бул фактыларга байланыштуу бир нече саясатчылар камакка алынган. 

Ссылка: https://barometr.kg/abaly-kandaj-abaktagy-deputat



Добавить комментарий