Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков камакка алынды

6 июнь 2018 05:58 1723 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков камакка алынды.

Экс-премьерди камакка алуу боюнча УКМКнын тергөөчүсүнүн арызын Бишкек шаардык Биринчи Май районунун соту канааттандырды. Чечимге ылайык, Сапар Исаков иликтөө иштери аяктаганга чейин, тактап айтканда 2 ай бою УКМКнын тергөө абагында кармалат. Эске салсак, буга чейин УКМК Бишкек ЖЭБди модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши боюнча Сапар Исаковго Кыргыз Республикасынын кылмыш жаза кодексинин 303-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) боюнча айып таккан эле. Ал эми 29-майда үй камагына алган.

Ссылка: https://barometr.kg/murdagy-kmt-bashchy-sapar-isakov-kamakka-alyndy



Добавить комментарий