Абактан качкандар кайра келсе мунапыс берилет. Качкандардын саны 900дөн ашты

30 январь 2019 13:50 1268 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Бүгүнкү күнү Кыргызстандагы жатак абактардан качып кеткендердин саны 958 кишиге жетет. Бул тууралуу Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Жоробек Дүйшөнбиев бүгүн 30-январда өтүп жаткан парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эгерде качып кеткен киши күнөөсүн моюнуна алып кайра келсе, мунапыс боюнча качкандыгы үчүн жазадан бошотулат. Ал эми калган кылмыш иштери боюнча жазасын мыйзам чегинде тарта берет. 

Талкуунун жүрүшүндө Жаза аткаруу кызматы материалдарды сотко жөнөтөрүн жана мунапыс кимге туура келерин прокурорлордун катышуусу менен сот гана чечери айтылды.

Эгер мунапыс берилсе, 285 киши эркиндикке чыгат. Андан сырткары, 2879 кишинин жаза өтөө мөөнөтү кыскартылат. Учурда Кыргызстандын абактарында 11 140 эркинен ажыратылгандар бар.

Жогорку Кеңеш бүгүн "Адам укуктарынын жалпыга таанылган декларациясынын 70 жылдыгынын жана Кыргыз Республикасындагы 1938-жылкы саясий репрессиялардын курмандыктарын эскерүүнүн 80 жылдыгынын урматына мунапыс берүү жөнүндө" мыйзам долбоору карады.

Ссылка: https://barometr.kg/abaktan-kachyp-ketip-kajra-kelse-munapys-berilet-kachkandardyn-sany-900dn-ashty



Добавить комментарий