Абайлагыла фото. Каналдан аялдын сөөгү табылды, милиция көмөк суроодо
Милиция аялдын сөөгүн таанууга көмөк сурайт. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.
Аялдын сөөгү 6-июлда Чоң Чүй каналынан, Осмонкулов көчөсү тушта табылган.
Денесинде зомбулук менен өлтүрүү белгилери байкалган эмес.
Белгилери: бою 160-165 см, европалыктар түспөлүндө, жашы 30-35 чамасында, сары чачтуу, дене түзүлүшү орто.
Өзгөчө белгилери, курсак тушунда 7-8 см тырык бар, оң колунда ак тактар бар, Zara деген жазуусу бар кара футболка кийип жүргөн.
Бул аял тууралуу маалматтарды билген адам болсо 0702 49 88 88, 0552 10 27 43 же 102 телефондоруна байланышууну өтүнүштү.
Ссылка: https://barometr.kg/abajlagyla-foto-kanaldan-ayaldyn-sg-tabyldy-miliciya-kmk-suroodo
Добавить комментарий ×