Аба ырайы: Катуу жааган жаандан улам сел жүрүшү ыктымал

26 август 2020 09:01 782 Barometr
Бөлүшүү:
ok

26-августта Кыргызстандын аймагында аба ырайы кескин өзгөрүлөт. Көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Мындай туруксуз аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаалардын жүрүшүн, энергетика жана коммуналдык чарба кызматтарынын ишин жана жайыттарда мал багууну кыйынчылыкка учуратышы мүмкүн. Бул тууралуу «Кыргызгидромет» борбору берген маалыматка таянып "Барометр" билдирет.

26-августта күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү ыктымал.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө 22-27°

Талас облусунда 18-23°

Баткен облусунда 22-27°

Нарын облусунда 20-25°

Ош жана Жалал-Абад облустарында 22-27°

Ысык-Көлдө 18-23°

Бишкек шаарында 26-августта мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 14 метрге жетет.

Абанын температурасы 25-27° болот.

Ссылка: https://barometr.kg/aba-yrajy-katuu-zhaagan-zhaandan-ulam-sel-zhrsh-yktymal



Добавить комментарий