Муфтият: Тармактык маркетинг (cетевой маркетинг) арам деп эсептелип, тыюу салынат

5 апрель 2019 22:41 5780 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстан Мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин  VI чакырылышынын 7-протоколдук жыйынынын чечиминин негизинде тармактык маркетинг (cетевой маркетинг) боюнча фатва чыкты. Бул тууралуу муфтияттан маалымдашты.

Төмөндө фатва менен таанышып коюңуз.

Шарият бизнес жүргүзүүнүн белгилүү эреже-нормаларын бекиткен. Андыктан кандай гана соода-‎сатык, ижара, каржылык операциялары, келишимдер болбосун, булардын бардык түрлөрү шарият белгилеген эрежелерге ылайык жүргүзүлүүсү керек. Эгерде булар (соода-сатык, ижара, келишим ж.б.у.с.) шариятка ылайык келбей турган болсо, ал адал болуп эсептелбейт ‎жана андан түшкөн пайда адал эмес болот.

Тармактык маркетинг же көп деңгээлдүү тармактык маркетинг – бул товар жөнүндө ‎жана бизнеске башка агенттерди тартуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалымат ‎таркатуучу, ошондой эле продукцияны сатуудан киреше, жаңы кардарларды жана ‎агенттерди тарткандыгы үчүн сатуу көлөмдөрүнөн бонустарды жана ошондой ‎эле анын агенттери бөлөк агенттерди тартуудан бонустарды алуучу, көз ‎карандысыз сатуу агенттеринен көп деңгээлдеги түзүлүштү түзүүнү талап ‎кылуучу, товарларды жана кызматтарды түз сатуу жолу аркылуу иш жүзүнө ‎ашыруунун тармактык концепциясы.‎

Тармактык маркетингде анын бардык түрлөрү (линейный, ступенчатый, матричный, бинарный, смешанный ж.б.) менен төмөндөгүдөй шариаттык эрежелерге дал келбестиктер себебинен тыюу салынат (арам):

1. Гарар – белгисиздик, тобокел коркунучу. Эң оболу акча салымын кошкон тармактык маркетингдин кызматкери иш акысын алууга керектүү ‎кардарларды чогултаарын болжолдой албайт жана бериле турган акысы да ‎канча болоорун билбейт жана ал акынын деги эле болоору да эч белгисиз. ‎Агенттин керексиз товар үчүн, же болбосо жаңы агенттерди тартуу ‎мүмкүнчүлүгү жана киреше алуу үчүн берип койгон акчасын жоготуу сыяктуу тобокелчиликке дуушар болот.

2. Келишимде сүткорлуктун (рибанын) болуусу. Андан да өткөнү, сатуунун ‎бул түрүндө сүткорлуктун эки түрү орун алган: акчага акча мөөнөтүн узартуу ‎жана үстүнө кошуп берүү. Мындай аныктаманын мааниси, мындай ‎келишимге катышуунун максаты бөлөк кардарларды тартуу менен акы алуу. ‎Катышуучу белгилүү сандагы кардарды тартканда жана компаниянын ‎шарттарын аткарганда ал өзү салым катары кошкон акчадан азыраак же ‎көбүрөөк акысын алат. Жөнөкөй тил менен айтканда, ар бир катышуучу ‎келечекте киреше алуу үчүн кандайдыр бир сумманы төлөп берет, ал эми товар ‎деген болсо бул шылтоо, мындай компания менен иштеп жаткан адамдын ‎максаты соода эмес. Башкача айтканда, товар келишимдин формалдуу бөлүгү гана. ‎Эгер катышуучу шарттарды аткара албай калса, ал берген акчасын жоготот. ‎Мындай шарт бул сыяктуу келишимдерди кумар келишимдеринин жана ‎натыйжасы белгисиз (гарар) келишимдеринин категориясына кошот. Ал эми шариятта мындай иш-аракетке тыюу салынган.‎

3. Товарды жүгүртүү кыймылынын жоктугу. Анткени, тармактык ‎маркетингдин негизги максаты жаңы кардарларды / дистрибьюторлорду тартуу, ‎алардын эсебинен биринчи дистирбьюторлорго кирешелерди төлөп берүү үчүн. ‎Пирамидалык түрдөгү тармактык маркетингдин кээ бир схемалары кызматкерлерден продукцияны сатууларын талап ‎кылбай эле, мүмкүн болушунча көбүрөөк адамдарды каттап жана тартууларын ‎талап кылат. Ар бир жаңы катышуучунун келүүсү менен кызматкер “жаңы ‎катышуучунун” төлөмүнүн бөлүгүн алат. Мындай схема тыюу салынган ‎сүткорлук болуп эсептелет. Анткени келечектеги көбүрөөк акча үчүн ‎азыркы учурга көбүрөөк акча тартылып жатат. ‎

4. Бир келишимде эки келишимдин болуусу. Эгерде  тармактык маркетинг ‎салттуу соодага таандык болсо, бул учурда анда эки бири-бирине байланышкан ‎келишим болот. Пайгамбарыбыздын (ﷺ) хадисинде минтип айтылат: “Алла Тааланын ‎Элчиси бирөө менен эки келишимди билдирген макулдашууга тыюу ‎салган”. (Имам Ахмаддын Муснады). Эгерде бул алуу сатуу болсо, анда шарты ‎компанияга ортомчу (сатуу агенти) болуп кирүү болот. Ал эми эгерде бул ‎ортомчулук болсо, анда шарты компаниядан белгилүү суммага товар сатып ‎алуу болот. Бул болсо, бирөөндөгү эки келишим (алуу-сатуу жана ортомчулук) болуп ‎эсептелет. Анткени мындай шарт келишимде бир тарапка гана артыкчылык ‎бергендиктен, шарият мындай келишимге тыюу салат.

5. Жаңы кызматкерлерди тартуу үчүн жана ошондой эле жаңы ‎кызматкерлердин кийинки кызматкерлерди тартуулары үчүн акы (комиссионный) алуу. ‎Биринчилердин комиссиясы тармактагы “төмөнкү деңгээлде” турган ‎кызматкерлердин эсебинен камсыздалат. Бул Ислам аалымдарынын пикиринде, ‎бирөөнүн менчигиндеги мүлктү адилетсиздик жол менен менчиткеп алуу ‎категориясына кирет жана анда аныкталбагандыктын элементтери бар. Демилгесиз ‎деп аталуучу кирешени алуу максатында, көп деңгээлдеги түзүлүштөрдү түзүү. ‎Мындай учурда кызматкер кылбаган нерсеси үчүн киреше алат. Шариятта ‎ишкердиктин мындай түрүнө уруксат берилбейт. Анткени бул материалдык ‎каражаттарды адилетсиз жол менен ээлеп алуу болуп эсептелет.

‎6. Маани-маңызы мүчөлүк акы (взнос) болуп эсептелген жогорулатылган баа. Кээ ‎бир товарлар жана кызматтар пирамидалык түрдөгү тармактары аркылуу мындай компаниялардын ‎жогорку кирешеге ээ болуусу жана дистрибьюторлоруна комиссиялык акы төлөп ‎берүүгө жөндөмдүү болуусу үчүн жогорулатылган баада сатылат. Мындайча ‎айтканда, компания өзүнүн негизги кирешесин сатуу агенттери тарткан жаңы ‎кызматкерлердин мүчөлүк акыларынын (взносторунун) эсебинен топтойт. Бул тажрыйба маани-‎маңызы сүткорлук болуп эсептелген каржы пирамидасына окшошуп кетет.‎

‎7. Кээ бир компаниялар, албетте баары эмес, жарыя кылган сапатына ‎ылайык келбеген товарларды сунуш кылышат. Сатылуучу товарлар, катышуучулар ‎жана пайдалануучулар үчүн материалдык артыкчылыкка ээ болуш керек. ‎Ошондуктан жарыяланган сапаттарына жооп бербеген төмөнкү сапаттагы ‎товарлар, каржылык пирамиданы жабуу каражаты катары каралат. ‎Тармактык маркетингде тармак жаңы мүчөлүк жыйымдардан жогорку кирешени ‎табууга жөндөмдүү болуп курулат. Ошондуктан, аларга жаңы кардарларды жана ‎агенттерди тартуу максатында товардын сапатын кооз кылып көрсөтүүгө туура ‎келет. Бул болсо анык алдоо болуп эсептелет.

‎8. Көп учурда пирамидалык түрдөгү тармактык маркетинг компанияларында сый акыларын кепилдеген сатуунун белгилүү көлөмүн бекитишет. Бекитилген натыйжага ‎жетишпей калуу, кээде кызматташууну токтотууга себепкер болуп калат. Шариятта ‎жумуштун мындай түрү кызматкердин укугуна кысым көрсөтүү болуп эсептелет. ‎

‎9. Кээ бир компаниялар сыйлыктарды алуу үчүн катышуучулардын ‎минималдуу санын тартууну шарт кылышат. Эгерде кызматкер шарт кылынган ‎сандагы катышуучуларды тартып келе албай калса, анда ал эч нерсе албай калат. ‎Аалымдардын пикиринде, төлөп берүүнүн мындай схемасы дагы шарияттын ‎эрежелерине карама-каршы келет.‎

Ссылка: https://barometr.kg/aalymdar-keeshi-tarmaktyk-marketing-cetevoj-marketing-boyuncha-fatva-chygardy



Добавить комментарий