97 жаштагы Вандык аксакал Кыргызстанды бир көрсөм деп кыялданат (видео)
Түркиянын чыгышындагы Ван көлүнүн аймагында жашап жаткан кыргыз аксакалы Кыргызстанга салам жолдоп, мекенин көрсөм деген кыял менен жашап келерин айтты. Бул тууралуу соцтармакка жүктөлгөн аксакалдын кайрылуусуна шилтеме берип “Барометр” билдирет.
Соцтармакка жүктөлгөн видео тасмада, 97 жаштагы Мухаммед аттуу кыргыз аксакалы экени айтылат. Ал бала кезден өз мекенин көрсөм деп кыялданып жүрүп, 97 жашка келген.
“Кыргызстандагы тууган-урукка салам жолдойм. Мен минтип, карып калдым. Кыргызстанды барып, көрүп келүү мага насип болбоду. Туугандарым тынчтыкта, бакубат жашоодо өмүр сүрсөңөр эле болду”, - деп кайрылуу жолдоду Вандык кыргыз аксакал.
Ал эми, соцтармак колдонуучулары аксакалдын кыялын кеч болсо да орундатууну сунуш кылып, тийиштүү мамлекеттик кызматтардын көңүл буруусун суранып жатышат.
Ван кыргыздары - дүйнөдөгү кыргыздардын диаспоралык топторунун бири. Алар учурда Түркиянын чыгышындагы Ван көлүнүн аймагында 1980-жылдардан бери жайгашканы үчүн илимде "Ван кыргыздары" деп аталып калышты. Түпкү теги - Ооганстан Памирин жердеген ичкилик кыргыздардан. Түркияда башка да кыргыз топтору бар.
Түркия Өкмөтү аларга Ван вилайетинен атайын жер бөлүп берип, жашоо шарттарын түзүп, Улуу Памир айылын тургузуп беришкен. Андагы кыргыздардын саны азыркы күндө 5 000ге жетет.
Ссылка: https://barometr.kg/97-zhashtagy-vandyk-kyrgyz-aksakalynyn-mekenine-bolgon-kusalygy-video
Добавить комментарий ×