Кыргызстандын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт

9 июль 2020 09:26 668 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн өлкөнүн кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Бүгүн, 9-июль, республиканын аймагында күтүлгөн аба-ырайы жөнүндө маалымат.

Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Кээ бир райондордо мөндүр жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Ссылка: https://barometr.kg/9-iyul-kn-respublikanyn-ajmagynda-ktlgn-aba-yrajy-zhnnd-maalymat



Добавить комментарий