8-майда Кыргызстанда жамгыр жаайт, Бишкекте жаан-чачын болбойт

8 май 2021 08:53 859 Barometr
Бөлүшүү:
ok

8-майда Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыш тараптан жел согуп турат. Бул тууралуу "Кыргызгидромет” борбору берген маалыматка шилтеме кылып “Барометр” билдирет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда +22... +27°,

Талас облусунда +21... +26°,

Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында +24... +29°

Ысык-Көл облусунда +17... +22°,

Нарын облусунда +17... +22°,

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы +25…+27° чейин жогорулайт.

Ссылка: https://barometr.kg/8-majga-karata-aba-yrajy-tuuraluu-maalymat



Добавить комментарий