79 жыл бирге жашаган Эквадорлук түгөйлөр Гиннестин рекорддор китебине киришти

28 август 2020 18:10 2494 Barometr
Бөлүшүү:
ok

110 жаштагы Хулио Сезар Мора жана 104 жаштагы Вальдрамина Кинтеро дүйнөдөгү эң улгайган түгөйлөр деп табылды. Эквадорлук түгөйлөр Гиннестин рекорддор китебине киришкен. Бул тууралуу Guinness World Recordsдун расмий сайтына шилтеме берип “Барометр” которду.

Түгөйлөрдү 1934-жылы Хулионун байкеси тааныштырган. 1941-жылы ата-энелеринин каршылыгына карабай үйлөнүшкөн. Алардын үлпөт тоюу жашыруун достору жана өкүл атасынын катышуусунда эле өткөн. Себеби ата-энелери макулдугун берген эмес.

“Ошол убактан баштап биз биргебиз. Өсүп келе жаткан жаштарга бактылуулуктун символу катары мисал болгубуз келет”, -дешти түгөйлөр.

 Вальдрамина менен Хулионун беш баласы бар. Эң улуу баласы 58 жашында каза болуп калган.

Азыр алардын 11 небереси, 21 чөбөрөсү, 9 кыбырасы бар. Түгөйлөрдүн чогуу жашаганына 79 жыл болду.

Баардык үй-бүлөлөрдөй эле аларда да түшүнбөстүктөр болгон. Бирок алар үй-бүлөлүк жаңжалды жада калса өз балдарына да көрсөтүшкөн эмес.

Белгилүү болгондой түгөйлөр жер иштетип, өсүмдүк өстүргөндү жакшы көрүшөт. Ар дайым бирге киного, театрга барып турушат.

Ссылка: https://barometr.kg/79-zhyl-birge-zhashagan-ekvadorluk-tgjlr-ginnestin-rekorddor-kitebine-kirishti



Добавить комментарий