74 жаштагы абышка кичинекей кызга конфет берип тийишип жатканда кармалды

4 июнь 2019 14:31 4027 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстандын Актөбө шаарында 74 жаштагы абышка кичинекей кызга тийишип жаткан учурда кармалды. Бул тууралуу today.kz кабарлады.

Катардагы жаран көп кабаттуу үйдүн жанынан кокусунан педофилди көрүп калып полицияга телефон чалды. Үйгө кирип бара жаткан аял улгайган киши кичинекей кызга конфет берип алдап андан кийин аны кармалап тийише баштаганына күбө болгон. Аял улгайган кишини видеого тартып алган.

Полиция келип окуянын чоо жайын иликтегенде 74 жаштагы адам ушул үйдө жашай турганы белгилүү болду.

Учурда ага карата кылмыш иши козголду.

 

Ссылка: https://barometr.kg/74-zhashtagy-abyshka-kichinekej-kyzga-konfet-berip-tijiship-zhatkanda-karmaldy



Добавить комментарий