7-июнда Кыргызстандын кээ бир аймактарында өткүн өтүп, жаан жаашы ыктымал

7 июнь 2021 08:59 470 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

7-июнда Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Чүй, Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт.

Бул тууралуу "Кыргызгидромет” борборунун маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрди түзөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда +34… +39°;

Талас облусунда +33… +38°;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында +34… +39°;

Ысык-Көл облусунда +22… +27°;

Нарын облусунда +23… +28°;

Бишкекте өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Абанын температурасы +35… +37°.

Ссылка: https://barometr.kg/7-iyunda-kyrgyzstandyn-kee-bir-ajmaktarynda-tkn-tp-zhaan-zhaashy-yktymal



Добавить комментарий